«Ун менен өсүмдүк майы кымбаттайт». Министр муну Орусия менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу деди

«Ун менен өсүмдүк майы кымбаттайт». Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Орусия менен Украина буудай менен дүйнөлүк запастын 30 пайызын камсыздашат. Бирок азыр аталган эки өлкө дүйнөлүк рыноктон ажыратылган. Буудай болуп көрбөгөндөй кымбаттап, көптөгөн өлкөлөрдө ачарчылык кризисине учураганы турат. Буудайды эң ири экспорт кылган өлкөлөрдүн запасы 27 күнгө гана жетет, анын көлөмү 57 миллион тоннаны түзөт. Украина жылына 33 миллион тонна өсүмдүк майын өндүрөт. Бирок бул көлөм быйыл сөзсүз болбойт. Өсүмдүк майынын кымбатташы күтүлүүдө», — деди министр.