Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Экс-депутат Жолдошова: «Көрсө, Атамбаев айкөл экен. Азыркы бийлик да өч алуудан чыга албай жатат»

09:48 17.03.2022
0
Экс-депутат Жолдошова: «Көрсө, Атамбаев айкөл экен. Азыркы бийлик да өч алуудан чыга албай жатат»

«Көрсө, Атамбаев айкөл экен. Азыркы бийлик да өч алуудан чыга албай жатат». Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан кийин ар бир президент коомго жазылбаган мыйзамдын негизинде терс нормаларды киргизишкен жана киргизип келе жатышат. Тилекке каршы, президенттер бийликтерин мыкчып турганда, ошол «нормалар» бир кезде кайра өзүнө кыянатчылык кылбай тургандай сезишет окшойт. Бирок жашоо бумеранг.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Утурумдук өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн «козуткандарынын» негизинде эки терс «норманы» киргизип кетти. Бирок аягында жалгыз Алмазбек Шаршенович азап чегип келе жатат. Ал эми козуткандардын бири элчи болсо, экинчиси азыркы президент Садыр Жапаров менен өбүшүп учурашып, кеңешин берип жүрөт. Калгандары эч капачылыгы жок, куунап жашап жүрүшөт.

Ал кандай » нормалар» эле?
Биринчиси — «өч алуу айлампасын» биздин коомго толук кандуу киргизишти. Керек болсо, азыркы бийлик да андан чыга албай жатат.
Экинчиси — тастыкталбаган, далили жок, бирөө арыз жазып койсо эле шарт «камап коюу» ыкмасын киргизишкен.

Бирок менин айтайын дегеним негизинен башка нерсе болчу. Батукаевдин маселеси — бул Ош окуясынын алдында кичинекей эле маселе. Эмне себептен Садыр Жапаровдун бийлиги Ош окуясынын аягына чыкпай жатат? Күнөөкөрлөрдү жазалоонун ордуна мамлекеттик кызматка койгонун кандай түшүнсө болот? «Утурумдук өкмөттүн бир да мүчөсү Ош окуясы боюнча «жазаланбаса», анда эмнеге мынча Алмазбек Атамбаевге өчөшүп алдыңар?» деген суроо туулат.

Акыйкаттык үчүн айтып коёюн, Садыр Нургожоевич, Камчы Кыдыршааевич, Талант Турдумамбетович акыйкатсыз камалып жатканыңарда, ооруп калганыңарда Алмазбек Шаршеновичке мен кирип, сиздерди ооруканага которуу боюнча келтирген суранычты четке какпайт эле, дайыма макулдугун берчү, жок дебей. Ачыгын айтайын, көрсө Алмазбек Атамбаев айкөл, сиздерге адамгерчиликтүү мамиле жасаган экен.

Дагы кошумча айта турган нерсе, бир да ооруканалардын башкы дарыгери сиздерди кабыл албаганда, бир гана Сабырбек Жумабеков кабыл алып, алты айлап дарылап эле тим болбостон, сиздерди калкалап келген. Алмазбек Атамбаев буга да көз жумуп койчу.

А сиздер эмне үчүн, жок дегенде, Алмазбек Атамбаевди ооруп жатса, дарылоого уруксат бербей жатасыңар? Эгерде Ош окуясынын «чындыгын, күнөөкөрлөрүн иликтебей турган болсоңор», калганы эч нерсеге арзыбайт. Менин жакшы көргөн инилерим, оор күндөр келе жатат. Биздин тарыхта болбогондой, бизге ынтымак керек. Ошондуктан, суранам сиздерден «өч алуу айлампасынан» чыккыла жана
калыстыктан тайбагыла», — деп жазылат экс-депутаттын билдирүүсундө.

15-мартта Жогорку Сот мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүмдү күчүндө калтырган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү