«Бул өкүмдөн бир гана Сооронбай жана Асылбек Жээнбеков кубанат. Бийлик аларга Алмазбек Атамбаев түрмөдөн чыкпайт деп кепилдик берген». Бул тууралуу экс-президенттин уулу, депутат Сеидбек Атамбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кечээ, 15-мартта Жогорку Сот мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды.
2020-жылы июнь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жыл 2 айга эркинен ажыратып, өзүн жана жакындарынын мүлкүнөн ажыраткан. Ошол эле жылы октябрь айындагы окуялардан кийин Жогорку Сот ушул ишти кайра кароого жиберген болчу. 2021-жылы октябрь айында Жогорку Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандыруу менен Атамбаевге карата чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген. Бир айдан соң, декабрда Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан өтүнүч келтирип, Жогорку Сот адвокаттардын арызын карай турган болгон.
Атамбаевдин күнөөлөрү толтура. Сеид баласы атаңды жана анын бандасын корчологону депутат болсоң анда мандатыңды тапшыр сука. Мен Аламудундөн болом. Бизде чечилбеген маселелер толтура. Сенин ууру атаң менен анын банда шайка лейкаларынан башка