Экс-депутат Орозайым Нарматова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазы болгонун билдирди

Экс-депутат Орозайым Нарматова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазы болгонун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Камчы Кыдыршаевич агам мага “Сенин азбы-көппү биздин бийликке келүүбүзгө салымың бар. Убагында “Кумтөр” деп биз көтөргөн маселени колдон алып, элге китептерди таратып, куугунтукта жүргөнүбүздө чырылдап чындыкты айтып жүргөнсүн. Жакшы-жаманды унутуп, колдон келсе жардам бер, туура эмес болсо конструктивдүү сыныңды айт, бирок мыйзамсыздыкка барып, өлкөдө башаламандык кылууга кошулба, билимиңди ал, элге кызмат кыл, жеке өзүң үчүн да жаша, жаш туруп курал болбо” деп көп насаатын, акылын айтты. Криминал, коррупция менен күрөшүү жүргүзүп жатканына колдоо көрсөтүп, “жакшы кебимди айтайын, аке” десем, “мага болушуп, башкаларга жаман көрүнбө, мен сени алдыга түртүп, колдонуп, өзүм артта турбайм, мен өзүм алдыда туруп, элге калкан болом, менин душмандарыма жаман көрүнбө” деди далай жолу. Чындыгымды айтсам, бир жарым жылдан бери мени ар кандай ойлор басып, “а балким Камчы Кыдыршаевич да мени алдап, кайра каматып койсочу, элге уят кылып, канатымды кайрып, менин ага айткан сындарым үчүн өч алып, жер менен жексен кылып салсачы, балким анын эрдиги жетпейт мени кечирүүгө” деп ойлонуп, ишенбей жүрдүм», — деп жазылат билдирүүдө.

Орозайым Нарматованын айтымында, Камчыбек Ташиев соңку учурлары өлкөдөгү маанилүү долбоорлорду колго алып, убада бербей эле жасап, эл үчүн иштегенин көрүп жатат.

«Менин актыгыма, тазалыгыма ишенип, көп жолу кабыл алып, көптөгөн мекендештерге жардам колун сунуп, менин сынымдын туурасын алып, туура эмесине кулактан сырт таштап, жаштыгымды, азап тартканымды аяп, көңүл бурганына ыраазычылык. Мен кызматка барбайм, тааныштыгыбыз же жакшы мамилебизден пайдалануу ниетим жок жана ага Камчы ага өзү жол бербейт, убактысы да жок. Негизгиси эл үчүн адилеттүү, таза иштеп берсе болду. Эртең ким бар, ким жок белгисиз. Ушул пикирим үчүн көпчүлүккө жакпай калуум да мүмкүн, бирок мен өз бактымдан эл бактысын тандап, кыйынчылык көргөн учурум көп болду. Ал менин тандоом эле. Саясатчыларды колдоп, жыргап кеткен жокмун, ал да өзүмдүн тандоом эле. Мен акчаны, бийлик сунушун, оңой жолду эмес, оор болсо да өз жолумду тандаганмын. Өз пикиримде, өз толкунумда гана болом. Албетте улуттун, өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи орунда жана колдон келген салымымды кошо берем», — деп жыйынтыкталган билдирүү.