Экс-президент Сооронбай Жээнбеков «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен. Маалыматты Жээнбековдун басма сөз катчысы болуп иштеген Толгонай Стамалиева тастыктап, журналисттерге комментарий берди. Анын айтымында экс-президент Бишкекке кайра келет.
«Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиянын королунун чакыруусу менен бара жатат. Бул сапар 2020-жылдын ноябрь айынан бери пландалып келген. Жээнбековдун кичи ажылык сапары 10 күнгө созулат, андан кийин ал Бишкек шаарына кайтып келет», — деди Стамалиева.