Бүгүн, 20-сентябрда «Элдик» депутаттык тобу Кыргыз жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун жаңы «Менин үйүм» программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат укту.
«Элдик» депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев акыркы жылдары өлкөдө мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигинин алкагында узак мөөнөттүү ипотеканын эсебинен турак жай сатып алууга шарт түзүлгөнүн эске салды. Жыйында программа тууралуу, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө Башкармалыктын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов баяндама жасады.