«Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.