Элдик курултайда улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Филармонияда Элдик курултай өтүп жатат. Анда улуттук кеңештин төрагасы болуп экс-депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал курултайга баштан-аяк жетекчилик кылат.

Абдылдаев уюштуруу комитетине иш-чарага даярдангандыгы үчүн ыраазычылык билдирди: “Силер 3 айдын ичинде көптөгөн уюштуруу маселелерин чечтиңер. Келерки жылы боло турган курултайды даярдоодо сиздер менен иштешебиз деп ишенебиз”,- деди ал.