«Элдин суранычы менен». Камчыбек Ташиевдин иниси парламенттик шайлоого аттанышы мүмкүн (видео)

«Ишкерлердин иши илгерилесе, мамлекет алдыга жылат» темасындагы маек берүүгө барган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого баруу боюнча чечим кабыл алганы жатканын айтты.

«Менин саясатка аралашпай эле коёюн деген оюм бар болчу. Бирок элге кээде жардам берип калат экенсиң… Элдин арасында эле жүрөбүз да. «Агаңыз республикалык деңгээлдеги маселелерди чечип, ошол жакта болуп калып жатат. Өзүбүздүн көйгөйүбүздү айтканга бир депутатыбыз болсо, жакшы болмок» деп сунуш түшүп жатат. Азыр ойлонуп жатам. Жакынкы күндөрү анык болот. Бирок мен ушул кадамга барат окшойм деп жатам», — деди ал.