«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Эмил Токтошев соцтармактагы баракчасына «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду коркунучтуу кылмышкерди кармагандай кармабай эле, чакырса өзү бармак экенин айтты.
«22-июнь күнү башкы прокурор Кылмыш-Жаза кодексинин 338 -беренесине ылайык “кызмат абалынан аша чабуу” боюнча Мадумаровго карата тергөө иштерин жүргүзүүгө Жогорку Кеңештен уруксат сурап, көпчүлүк добуш менен макулдук алышкан. Андан кийин Жогорку Кеңеш каникулга чыгышып, кайра 1-сентябрь күнү ишин улантты.
2-сентябрь күнү сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса, өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт.
Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чоң жардам берип келген. Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел», — деп жазды ал.