«Эмне кылып отурат дешет». Депутат элге парламент эмне иш кыларын түшүндүрүүнү талап кылды

«Жолду, суу, көпүрөнү ким салат?» деп суроо салды депутат Мирлан Самыйкожо парламент жыйынында.

«Жол салган, суу чыгарган, социалдык объекттерди курган бул депутаттын жумушу эмес. Муну өкмөт жасайт. Көчөдө тыгын болсо деле, аялы менен күйөөсү урушса деле, бир нерсе болсо деле «депутаттар эмне кылып отурат?» дешет. Парламент эмне топпу? Тепкилетип коюп отура беребизби? Мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигин айырмалап билбесе, бизде билдирүү үчүн улуттук дагы, мамлекеттик дагы каналдар бар», — деди депутат.