Эмнеге Орусия Кыргызстандан сүт продукциясын ташууга тыюу салды? Бийлик өкүлүнүн жообу

«Орусия эмне үчүн Кыргызстандын сүт продукцияларын сатып алууну токтотту?» деп суроо салды Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев. 

«Биздин маалыматтар боюнча Орусия тараптан келип, сүт чыгарган мекемелерде инспекция жүргүзүп кетишкен. Анын жыйынтыгында, сүттүн экспорту аябай көбөйүп кеткендиктен алар силердин сүт эле келип жатабы же дагы кошуп берип жатасыңарбы деген себепте иликтөө жүрүп жатат. Менин билишимче алар Ветеринардык кызматтарга сертификат бербей туруу боюнча кайрылуу жасашты. Эми чогуу иликтөө жүргүзүшөт”, — деди Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев. 

«Балээнин бары биздин бардык нерсеге көз жумуп койгондон. Мисалы, Орусияга 5 завод уруксат алган дейли. Анан силер күпүлдөтүп чыгарып атсаңар айтат да, «каяктан алдыңар» деп. Балык деле ошол бойдон. Лицензия алышат да, ошол лицензия менен башка жерлерден алат да жиберишет», — деди депутат.

10-апрелден 16-апрелге чейин созулган текшерүүнүн жыйынтыгында Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларынан Орусияга сүт азыктарын ташууга тыюу салган.