Эпкин-Башкууганды жолун куруу иши жакын арада башталат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна барган иш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу менен таанышты. Ал белгилегендей, тендердик комиссиянын иши жыйынтыкталды, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталды.

«Учурда стратегиялык жактан маанилүү эсептелген жолду баштоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле каржылоо маселеси да чечилген. Жолду оңдоо ишинин мөөнөтүнө гана эмес, аны аткаруу сапатына да өзгөчө көңүл буруу керек. Сапат стандарттарына дал келбөө фактыларына жол берилбеши керек», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды (89-159 чакырым) тилкесин куруу ишин жакын арада баштоо пландаштырылууда. 23-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тендеринин жыйынтыгы боюнча аталган долборду ишке ашырууга China Railway N: 5 менен келишимге кол коюлган.