Чек ара маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны бардык каалоочулар үчүн ачык өтүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Ага коомчулуктун өкүлдөрү — эксперттер, коомдук ишмерлер катышууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн дагы чектөө жок. Бирок каралып жаткан маселелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен видеого тартууга болбойт. Кечээ тийиштүү органдардын жетекчилери президентке жыйынды ушундай форматта өткөрүү максаттуу экенин билдиришти», — деп жазды ал.
Бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин карай турган Жогорку Кеңештин комитет жыйыны өтүп жатат. Жыйынга телефон, камера киргизилген жок. Ал эми жыйынды Жогорку Кеңеш түз эфирде берип жаткан. Бирок Камчыбек Ташиевдин сунушу менен түз эфир өчүрүлдү.