Эрулан Кокулов: «Каныбек Иманалиевдин кызматтан кеткенин жаңылыктардан уктум»

«Каныбек Иманалиевдин кызматтан кеткенин бир аз мурда эле билдим». Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө депутат Эрулан Кокулов билдирди.

«Эл катары жаңылыктардан уктум», — деди ал.

Ал экөөнүн ортосундагы окуя кандайча башталганын айтып берди. «Мен ишеним телефонун көргөндөн кийин чалып көрдүм. Албай койду. Эми иштейт го деп ойлодум. Бир күндө 3 жолу чалдым. Эч ким алган жок. Анан тастыктоо иретинде видеого тартышты. Албай койгонунан анан бардым», — деди ал.