Эрулан Кокулов: «Мыйзам жазуу эмес, анын аткарылышын көзөмөлдөйм»

«Мыйзам жазуу менин ишим эмес экен. Мен жазылган мыйзамдарды текшерип, анын аткарылышын талап кылам». Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов «Саясий коктейль» программасына берген маегинде билдирди.

«Буга чейин мыйзам долбоор жазуу боюнча суроолор мени кысып келген. Ошондой суроону укканда өзүмдү ыңгайсыз сезер элем. Мен ачык эле айтайын, мыйзам жазуу менин ишим эмес экен. Жогорку Кеңештин эки функциясы бар: алар мыйзам жазуу жана аны көзөмөлдөө. Мен көзөмөлдөө жагын колго алам. Бул тууралуу шайлоочуларыма үгүт иштери учурунда ачык эле айткам. Мыйзам жазуу менин колуман келеби, келбейби, билбейм. Колуман келишинче аракет кылдым. Бирок мен көзөмөлдөө функциясын колго алам дегем. Азыр да ошол иштерди аткарып жатам», — деди ал маек учурунда.