Factcheck.kg сайтынын изилдөөсү: Садыр Жапаровдун дагы бир кудасы креслого отурду

21-октябрда ошол убактагы президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарган Садыр Жапаров Турусбек Түмөнбаевдин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору кылып дайындаган.

Factcheck.kg Түмөнбаев Жапаровго куда болорун жазып чыкты. Тагыраагы, ал Садыр Жапаровдун улуу эжелеринин биринин жолдошунун тууганы болору жазылат.

Аталган сайттын изилдөөсүнө ылайык, бул Жапаровдун кызматка отурган алгачкы кудасы эмес. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кылып Таштанбек Каймазаровду дайындаган.

Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованын кызы Айгерим Канатбекова Санжар Каймазаров аттуу жаранга турмушка чыккан. Ал эми Таштанбек Каймазаров анын атасы, тагыраагы Райкүл Жапарованын кызынын кайнатасы болот.

БШКнын маалыматына ылайык, Таштанбек Каймазаров “Мекенчил” партиясынын атынан шайлоого катышкан.