Финансы министрлиги: «Соттордун маянасы орточо 81 миңден 160 миң сомго чейин көтөрүлдү»

judge gavel with euro bills on wooden background

Соттордун маянасы орточо 81 миңден 160 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Финансы министрлиги президенттин буйругунун ишке ашышы тууралуу айтылган расмий пресс-релиз менен таратты.

Маалыматка караганда, дагы бир катар кызматкерлердин маянасы жогорулаган. Алар:
— аскер кызматкерлери (орточо 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин);
— медициналык кызматкерлери (орточо 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин);
— маданият кызматкерлери (орточ 7,8 миң сомдон 11,7 миң сомго чейин).

Бул максаттар үчүн кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.