Фракция: «Фархад Алимжановдун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине макул эмес»

Депутат Фархад Алимжановго карата Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому боюнча “Альянс” парламенттик фракциясынын билдирүү таратты. Анда жазылганга ылайык, фракция Фархад Алимжановдун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча кабыл алган БШКнын токтомуна тынчсыздануусун билдирет жана аталган чечим менен макул эмес.

«БШКнын бул чечимине Фархад Алимжановдун 2016-жылы ОшМУда мыйзамдуу түрдө алган дипломунун 7 жылдан ашык убакыттан кийин “жараксыз” деп табылышы негиз болгон. Кесиптешибиздин айтымында, ал бардык талап кылынган экзамендерди тапшырып, айрымдарын экстернат катары аяктаган. Ал эми анын диссертациясынын темасын коргоо учурундагы талкуу көп убакыт өтсө да, азыркы күнгө чейин ОшМУнун окутуучуларын эсинде. Ошондой эле, ОшМУда да, Башкаруу академиясында да окуганын Фархад Алимжановдун курсташтарынын көптөгөн пикирлери жана Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын бүтүндөй фотогалереясы жана бүтүрүү кечелери тастыктайт. Ага карабастан, сынактын жыйынтыгын жана ОшМУнун дипломун, ошондой эле 2018-жылы президенттин алдындагы Башкаруу академиясында алган магистратураны жокко чыгаруу чечими адилетсиз кабыл алынган. Бул маселе боюнча университет менен соттук териштирүүлөр уланууда. Фархад Алимжановго байланыштуу соттук териштирүү иштерин калыс, адилеттүү өткөрүүгө чакырабыз», — деп жазылат фракциянын билдирүүсүндө.