Гүлсүнкан Жунушалиева мандат алды, ал Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди

БШК бүгүн, 18-февралда Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнаны Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.  Ага парламенттин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.

Ал «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясындагы Гүлшаркан Култаеванын ордуна келди.

Жунушалиева КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.

Гүлсүнкан Жунушалиева 1969-жылы 16-июлда Кочкор районунда туулган. 1992-жылы Томский мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 1992-1998-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окутуучу;

— 1998-жылдан азыркы кезге чейин  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын философия кафедрасынын окутуучусу;

— 2021-жылдан азыркы кезге чейин КММАнын Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.