Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Жунусов Ибрагим Коджоназарович Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал аталган кызматка 2018-жылы дайындалган эле. Ага чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген.