Идрис Кадыркулов депутаттардан колдоо таппаганына карабай элчилик кызматка дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Кечээ, 24-январда парламенттик комитеттин мүчөлөрү Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин элчи кызматына жактырышкан эмес. Үч депутат макул деп, төрт эл өкүлү каршы деп добуш берген.

Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен Шарипов Жусупбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Украинадагы, ишти айкалыштыруу боюнча Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.