ИИМ: «Орхан Инанды элчиликте деген маалымат боюнча факты жок»

Орхан Инанды элчиликке кирип кетти деген маалымат боюнча факты жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди. Депутат Абдывахап Нурбаев Орхан Инанды элчиликтин ичинде деген маалымат чыгып жатканын белгиледи. «Элчилик менен сүйлөшө алдыңарбы? Текшере алдыңарбы?», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков элчилик кол тийбестикке кире турганын эскертти. «Элчиликке кирүү үчүн ошол мамлекеттин президентинин уруксаты менен киришибиз керек. Биз кат жүзүндө кайрылдык», — деди Өмүрзаков. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев«Элчиликке кирип кетти, ошол жакта кармап отурат дегенге факты жок. Бул анын аялынын айткан гана сөзү», — деди.

Кечээ, 6-июнда Орхан Инандынын жубайы «Мага жеткен маалыматтар боюнча ал Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинде кармалып турат экен» деген эле.