Икрамов мандатын тапшырып, Сузактагы шайлоо 22-сентябрга дайындалды

Президент Садыр Жапаров «№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:
– шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
– шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.