Бүгүн, 20-октябрда парламенттин жыйынында депутаттар КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековдун талапкерлигин карашты, ал телеканалдын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө арыз берген.
Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган. Илим Карыпбековго 43 депутат «макул», 15 депутат «каршы» добуш берди. Бирок фракциянын чечими колдоо тапкан жок.