Имараттын сейсмикалык коопсуздугу боюнча экспертиза 250-300 миң сом турат

Бүгүн, 21-февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууга алынды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги башаламан курулуштарды токтотуу зарылдыгын айтып, турак жайга карата мунапысты колдоорун билдирди. “Бардык көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык коопсуздугу текшерилиши керек”, — деди депутат.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Талант Иманкун уулу республика боюнча мыйзамсыз курулган 87 имарат бар экенин, анын 37си Бишкек шаарында жайгашканын маалымдады. “Биз мунапыс мыйзамын даярдап жатабыз, ал талаптарга жооп бере турган объекттерди мыйзамдаштырылат. Ошол эле учурда мыйзам бир жолку мүнөзгө ээ болорун баса белгилей кетүү шарт”, — деди ал.

Депутат Жаныбек Абиров баш аламан курулуш маселелерин чечүү механизмдери жоктугуна токтолсо, депутат Исхак Масалиев имараттын сейсмикалык коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга кызыкты. Баяндамачылар 250 миң сомдон 300 миң сомго чейин чыгаша болоорун белгилешти. Исхак Масалиев бардык курулган көп кабаттуу үйлөрдү башка мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерүү зарыл экенин кошумчалады.