Алмамбет Шыкмаматов: «Түркиянын ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар»

«Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар», — деп билдирди Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, түркиялык инвесторлордун кызыгуусун жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы, логистика, инфраструктуралык долбоорлор жана гидроэнергетика сыяктуу тармактар жаратууда. Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Анкарада Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу менен жолугушуу болду. Инвестициялар министри жолугушуунун жыйынтыгында 5 келишимге кол коюлгандыгын, ага ылайык, Түркиянын «Остим» өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Бишкекке куруу жана жайылтуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулган. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспортёрлор үчүн ыңгайлуу. «Кыргыз-түрк өнөр жай зонасын Чүй облусунун аймагына куруу пландалууда. Мындан тышкары, биздин компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшту», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Министрдин айтымында, жакында түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтешет. «Иликтегенден кийин алар бир айдын ичинде маалымат даярдап, аны Түркиядагы ири бизнес өкүлдөрүнө сунушташмакчы. Андан соң ири ишканалар берилген маалыматтардын негизинде кызыктырган тармактары боюнча иш жүзүндө инвестиция салышат», — деп жыйынтыктады инвестициялар министри.