Иш күндөрү мал базарлардын ишин токтотуп койгон Айыл чарба министрлиги жеме укту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш күндөрү бодо малды жана майда мал-жандыктарды сатууну токтотуу боюнча Айыл чарба министрлигинин демилгесин сынга алды. Ал бул тууралуу президенттин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешмеде айтты.

«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар. Базарларда шарт түзүүнүн ордуна сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайдан жүрүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шартта иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан аймактардагы бардык мал базарларды иретке келтирүү зарыл», — деди Акылбек Жапаров.