«Ишеним» партиясынын курултайы өтүп, талапкерлердин тизмеси бекитилди

Кечээ, 11-октябрда Бишкекте «Ишеним» саясий партиясынын кезексиз съезди өтүп, талапкерлердин тизмеси жана партиянын программасы бекитилди. Талапкерлердин тизмесин партиянын лидери Азамат Дороев жетектеп барууда.

Дороев чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, өлкө жаңыланууга тарыхый мүмкүнчүлүк алганын айтты. “Жашоодо эң баалуу нерсе — бул ишеним. Ишеним менен чогулуп, кадам шилтеп жатабыз. Татыктуу парламентти тандоо оңой эмес. Элдин акыл-кеңеши менен өлкө келечегин өзгөртө алабыз. Бул үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга даярбыз” — деди ал.

Ал эми партия төрагасынын орун басары Рысбай Аматов бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгүнө токтолду. “Бир айдан кийин жарандар партияны гана эмес, өзүнө жаккан адамдарды тандап добуш бере алышат. Ошондуктан, бул кыргызстандыктар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Буга чейин биздин эл саясий партиялардын жана лидерлердин кооз лозунгдарына алданып келчү. Бул ирет аң-сезимдүү, татыктуу тандоо кылалы”, — деди ал.

Партияныни тизмесин юрист Медер Алиев да толуктаган. “Парламент мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө же жок болушуна чоң таасир этип келген. Партия приоритеттүү багыттарын ыйгарым укуктарынын негизинде ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык, кесиптик деңгээли жогору адамдардан куралды. Ишибииз эл үчүн болсун”, — деди ал.