— Коомчулукта азыркы эң көп талкуу жараткан маселелердин бири – Минкаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасы жана андан кийинки кадрдык, УКМКнын түзүмдүк өзгөрүүлөрү айланасында жүрүүдө. Көпчүлүк үчүн УКМК төрагасын кызматтан алган чечимиңиз күтүүсүз болду. Ал чечимиңизди басма сөз катчыңыз Камчыбек Ташиевдин атын жамынгандар коомчулукта бөлүнүп жарылууну көздөгөн дегендей кыскача эле түшүндүрдү. Буга «75 адамдын каты» себеп болгондой. Айтсаңыз, коомдо айтылып жаткан «75 адамдын сырдуу катынын» артында кимдер турат, алардын негизги максаты эмне?
— Комментарий бербей эле коёюн дедим эле эми сурап калдың айтып берейин.
Биринчиден, мага көпчүлүк эл мамлекеттин, жалпы элдин тагдырын ишенип, 2021-жылы мени президент кылып шайлады. Баш мыйзамда президент мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин жана мамлекеттик кызматкерлердин биримдигин сактайт деп милдеттендирип турат. Мен ошол милдетимди так аткардым. Анткени мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы, мансаптан да, достуктан да жогору турат.
Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай, бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты.
Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогорку жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.
Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. «Эгер биз тарапка өтпөсөң, сен генерал менен будешь иметь дело» деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди.