Исмаил Исаков: «БШК асмандан алган норманы колдонуп, Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды»

«БШК асмандан алган норманы колдонуп, Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды». Бул тууралуу экс-депутат, экс-министр Исмаил Исаков бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан «Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы: сөз эркиндигин коргоо жана укуктук көзөмөлгө алуу маселелери» деген аталыштагы тегерек столдо катышып жатып билдирди.

«Орозайым Нарматова боюнча БШК асмандан алган норманы колдонуп, анын каттоосун жокко чыгарды. Диплому соттун чечими менен жокко чыгарылган жок. Ошентип, биз укуктук маңкуртчулукту бүт дүйнөгө көрсөттүк», — деди Исмаил Исаков.

20-январда БШК Орозайым Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарган. Ал ага чейин УКМКга дипломуна байланыштуу суракка кирип чыккан эле.