«Издөө жарыяланды». УКМКнын төрагасы Имамидин Ташовдун билдирүүсү боюнча эмне деди?

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «KG GROUP» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун соцтармакта тараган билдирүүсү боюнча үн катты.

«Түнү президент мага чалды. Көрсө, Имамидин Ташов «52 миллион сом кассага төлөтүшүп, 100 миллион сом чөнтөккө бересиңер» деп айтып чыгыптыр. Соттун чечими менен Ташовдун башкалар менен сүйлөшкөнүн видеого жаздырып алганбыз. Анда өлкөдө төңкөрүш кылуу тууралуу сөз болгон. Бүгүн Ташовго издөө жарыяладык, аны баары бир кармайбыз жана жоопко тартабыз», — деди УКМКнын төрагасы.