Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп Жайыл Русланов дайындалды. Буга чейинки бөлүмдүн жетекчиси Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университинин Журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн. 2014-жылдан 2016-жылга чейин “Кыргыз Туусу” гезитинде кабарчылык кызматты аркалаган. 2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүндө консультант, улук консультант жана эксперт кызматтарында иштеп келет. Ошондой эле 2019-жылы Басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.