Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга старт берилет. Анын биринчи баскычына дээрлик 500 миллион доллар багытталат

The military are on duty. They guard the entrance to the Kambarata HPP. It contains 49 million cubic meters of water

Кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бир жылдан ашык убакыттан бери бардык тармактарда президент Садыр Жапаров баштаган масштабдуу иштер аткарылганын айтты.

«Эгемендүүлүктүн тарыхында алгач ирет Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталып, жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга старт берилет. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 миллион долларды мобилизациялайт. Бул бизге кошумча 1000 МВт берип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт. Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы 100 миллион долларга чейин көбөйтүлөт. Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгу тууралуу маалыматтардын бардыгы жарандарыбыз үчүн ачык-айкын, жеткиликтүү болушу үчүн социалдык тармактарда үзгүлтүксүз жарыяланышы керек», — деди ал.