Жалал-Абад шаарында облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 12-апрелде Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Р.Г.Бауэр атындагы облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имаратын ачты.

Аталган борбор 1948-жылы чопо жана жыгач сыяктуу материалдардан курулуп, моралдык жактан эскирген эле. Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен кургак учукка каршы оорукананын жаңы имаратынын курулушу эл аралык стандарттарга ылайык, инфекциялык контролдоо чараларын сактоо менен башталган. Жаңы үч кабаттуу имарат 96 орунга ылайыкталган. Мамлекет башчысы борборду, тактап айтканда бейтаптардын жайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттары бар палаталарды, ошондой эле орнотулган медициналык жабдуулар, анын ичинде заманбап санариптик рентген аппаратты көрүп чыкты.