Жалил Атамбаевдин уулу тойдон улам УКМКдагы кызматынан кол жууп калышы ыктымал

Ишкер Жалил Атамбаевдин жаңы эле үйлөнгөн уулу тойдон улам УКМКдагы кызматынан кол жууп калышы ыктымал. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, үйлөнүү той өткөрүү фактысы боюнча текшерүү иштери башталды. Анын алкагында ишкер Жалил Атамбаев УКМКга да чакырылат.

“Массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө чектөө киргизилгенине карабай, бардык талаптарды одоно бузуп, ишкер миңдей конок чакырып, шаан-шөкөттүү той берген. Мындан улам, коомчулукта нааразы болгондор көп” деп жазылат маалыматта. Өлкөнүн айрым райондорунда, Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алына электиги маалым.

Жалил Атамбаевдин уулу УКМКнын кызматкери болуп иштейт, ага карата кызматтык териштирүү башталды. Анын жыйынтыгы боюнча иштен айдалууга дейре катуу чаралар каралып, чечимдер кабыл алынат.