Жанар Акаев депутаттык мандат алышы мүмкүн. Сотто “Альянс” партиясы жеңишке жетти

Бүгүн, 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн арызданган «Альянс» партиясынын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

БШКнын 15-декабрдагы «Альянс» партиясынын 3 депутаттык мандаты аял талапкерлерге берилсин деген токтому, ошондой эле Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаты деп тааныган чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыкты.

Буга чейинки жобого ылайык, 7 мандат алган партиядан 2 аял депутат келмек. Бирок соңку чечимге ылайык, 2 эмес, 3 аял депутат келмей болуп калды.