Жанар Акаев: «Саясатчылар жөн эле камакта отурушат. Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарыш керек»

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев күч органдардын өкүлдөрүнө кайрылды.

«Негизи Жогорку Кеңештин депутаты берген добушуна, жасаган ишине жоопко тартылбашы керек. Буга чейин баарыбызды Аскер прокуратурасына чакыртышып, суракка алышты. Ошол жерде да айтканбыз Жээнбеков менен Зулпукаров суу кодекси тууралуу эч кандай көрсөтмө берген эмес деп. Биз ошол сөзүбүзгө турабыз.

Экинчиден, шайлоо өттү. Баш мыйзам өзгөрдү. Айкөл саясатка өтсөк болот эле. Туруктуу саясат уланышы үчүн бирөө айтыптыр, бирөө ушактаптыр дегендин баарын камай берген туура эмес. Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана башка саясатчылар жөн эле отурат. Саясий өч алууларды артка калтырабыз десеңер, Алмазбек Атамбаевди дагы үй камагына чыгарыш керек. Качып кетпей турган болгондон кийин ошол жерде ар кандай суроолоруна жооп алса болот», — деди ал.