Жаңы депутат Эмил Жамгырчиев ант берди

Бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Альянс” партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Эмил Жамгырчиев ант берди.

Ал өткөн аптада президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.