Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар чечимди колдосо, башкалар жаза оор болду деп эсептешүүдө. Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча «Кабар» агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.

Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат” деп айтты. Ушул боюнча сиздин комментарий…

Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды.

Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. «Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы» деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз — баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.

Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти.