Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистратор менен жабдууну тапшырды

Бүгүн, 13-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды.

Унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берери айтылат. Себеби видеокамералардын саны жогорулап, тийиштүү түрдө көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда. Бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.