Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Эгер үйү «снос» болуп жаткан жарандардын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ипотекага үй беребиз»

09:40 15.08.2025
2
Садыр Жапаров: «Эгер үйү «снос» болуп жаткан жарандардын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, ипотекага үй беребиз»

Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берди.

— Садыр Нургожоевич, акыркы күндөрү коомчулуктун көңүлү Бишкектин Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз делген чарбалык курулуштардын буздурулушунда болду. Эми үйлөр да бузулабы?

2021-жылдан кийин үй салып алгандардын тагдыры кандай болот? Анткени, айрымдары жер саткандарга алданганын айтса, айрымдары жылдап тапкан каражатын курулушка салганын айтышууда. Үйлөр салынып калгыча жергиликтүү бийлик каякты карап отурду, алар да аралашса керек дегендер бар. Эми үй салып алгандарга мамлекет тараптан альтернативдүү сунуштар болушу мүмкүнбү? Негизи эле өлкө боюнча «снос» маселесинде сиздин көз караш кандай?

— Мен 2020-жылы өлкө башына келген кезде жерлерди мыйзамсыз басып алып, үйлөрдү салып алган жарандарыбыздын көйгөйлөрү менен иш баштагам. 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алышып, үйлөрдү салып алып жашап жаткан жарандарыбыз он миңдеген түтүн экен. Айыл-айыл болуп кетишиптир. Көбүн эсе Ош менен Бишкек шаарларынын тегереги экен. Колдорунда кызыл китептери жок. Жашап жаткан даректери боюнча каттала алышпайт. Балдарын мектепке же бала бакчага бере алышпайт. Шайлоолорго катыша алышпайт. Деги койчу, иши кылса адам катарына кошула албай жүрүшкөнүн айтып, даттанып келип жүрүштү. Анан иликтеп көрүп мындай чечим чыгардым: «2021-жылга чейин үй салып алып жашап келген жарандарыбыздын үйлөрүн мыйзамдаштырып берели, мындан ары жер басып алып үй салгандардын эч кимисине эч кандай «уступка болбойт» деп мунапыс жарыяладым. Ошентип, 15 жылдан бери айыл-айыл болуп жашап жаткандардын үйлөрүн мыйзамдаштырып бердик.

Андан кийин эмне болду дебейсизби? Өзүңүз суроо бергендей жергиликтүү бийликтегилерге да, алар менен чогуу иш кылган шылуундарга да Кудай берди. Жергиликтүү бийлик бош жаткан жерлерди мурда берилип кеткен кылып үйлөрдү салганга шарт түзүп беришти. Албетте, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн. Шылуундар болсо жасалма документ менен карапайым элди алдап сатып ийген фактылар аныкталды.

Кийин баары кармалып, камалышты. Мисалы, Аламүдүн районунун акими жана башка орто чиновниктер, шылуундар камалышты. Мындай мисалдар көп. Анан «шустрый» жарандарыбыз пайдубалын куюп, айрымдары дубалын көтөрүп, алды чатырын жаба салышып, мен мурда эле кургам деген шылтоо менен «акыры мыйзамдаштырып берет да» деген максат менен ар кандай курулуштарды кура салгандар көп. Албетте, арасында чынчыл жарандарыбыз да болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүгү 2021-жылдан кийин үй же болбосо ар кайсы багыттагы күркөлөрдү сала калгандар.

Эгер биз алардын баарын мыйзамдаштыра берсек, анда көндүм адат болуп бара-бара айдоо жерлерибиз калбай калат. Өзүбүздү өзүбүз тамак-аш менен камсыз кыла албай башка өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз. Ансыз деле бүгүнкү күндө айрым тамак-аштын түрлөрү боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла албайбыз.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жараныбызга кайрылат элем. Айдоо жерлерибизди басып алып, ар кандай курулуштарды салганды токтотуңуздар. Айрымдарыңыздарда турак жай маселеси курч тургандыгынан кабарым бар. Ошол үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзгөчө көңүл бурулууда. Анын шарттарын болушунча ийкемдүү кылуудабыз. Үй салчу жерлерибизге эң жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү салалы. Бир киши батчу жерге он кишини батыралы. Бизден кийин да урпактарыбызга жашоо бар экенин унутпайлы.

Альтернативдүү сунуш боюнча сурооңузга, мен дайыма «үйү снос» болуп жаткан жарандарыбызды талаада калтырбагыла, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жатам. Эгер чындап эле үйү «снос» болуп жаткан жарандарыбыздын башка жакта жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй беребиз.

Эгер мен жогоруда айткандай эптеп эле жерге ээ болуп калайын дегендер болсо, алар деле тез эле аныкталып калат. Алардын бетин ачабыз. Өлкөбүздө тартип болуш керек. Тартип болбогон өлкө өнүкпөйт. Андай өлкөдө башаламандык боло берет.

Ошто суу каналынын үстүнө үй салып алышыптыр. Суунун шлюзун көтөрүп-түшүрүш үчүн кимдир бирөөнүн үйүнө кирип үйүнүн ичинен иштешиң керек экен. Бул эмне деген акмакчылык? Мындай көрүнүш бир дагы башка өлкөдө болбосо керек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:48 21.04.2026
0

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Комментарийлер 2

  1. Умутай says:
    8 месяцев ago

    Саламатсызбы Мен Жолдош кызы Умутай Жала Абад область Ала Бука району тургуну болом менин кайрылуумдун себеби томондогучо: 6жылдан бери кайненем бойрок отпуск мн дарыланып келет жолдошумдун бели ооруйт бизде эч кандай мал мулк жок уйубуз жетишсиз жашоодо кайнатам да жарым жартылай оорукчан биз сиздин жардамынызга муктажбыз уй жай кылып бербениз кааласаныздар уйубузго келип текшерип кетсениздер болот

    Ответить
  2. Умутай says:
    8 месяцев ago

    Биз сиздин жардамынызга муктажбыз 0222230900

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

17:57 21.04.2026
Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

16:48 21.04.2026
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

14:30 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү