Садыр Жапаров медаль алган балбандарга акчалай сыйлык тапшырды

“Мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат”, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сый-урмат көрсөтүү салтанаттуу аземинде.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, анда бардык кыргызстандык күйөрмандардын атынан Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бекем эркти көрсөтүп, сыноолордон намыскөйлүк менен ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “2024-жылы Парижде өтө турган 33-жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат, деп сөз беребиз”, — деди ал.

Президент өлкөнүн улуттук курама командасынын жалпы машыктыруучуларына да эл аралык деңгээлде даярдаган спортчулары өлкөгө жеңиш алып келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Садыр Жапаров чемпиондорду тарбиялоого кошкон салымын белгилөө менен алардын ата-энелерине да ыраазычылык билдирди.

Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай сертификаттарды тапшырды:

Алтын тагынган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков 1 миллион сомдон алышты;

Күмүш медаль алган Айпери Медет кызы — 750 миң сом;

Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулу — 500 миң сом.