Жапаров эртең Беларуска иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнь күндөрү иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана «Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.