Жапаров кайсы эмгеги үчүн Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» сыйлыгы берилгенин айтты

Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда наамдарды тапшыруу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы берилгенин айтты.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты, ал кайгылуу окуялар менен да коштолуп кетти. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жакка бармак түгүл карааны да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейин эл кызматында болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт», — деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт. «Мындан сырткары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктайм», — деди Садыр Жапаров.