Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди.
— Садыр Нургожоевич, Камчыбек Ташиев УКМК башчысы кызматынан кеткенден бери коомчулукта ар кыл багыттагы талкуулар уланууда. Анын бири “Эгер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тил табыша албай калса, анда эл түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнөт” деген санаркоо болууда. Чындап эле ушундай болушу мүмкүнбү?
— Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды качан гана керек болгондо, саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп баштайт. Карапайым элди колдонушат.
Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем. Анан ошондо “Кудай буюруп келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам» деп өзүмө сөз бергем. 2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуу жоголуп бара жатканын байкап атсаңар керек. Мисалы, райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганбыз.
Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн. Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгын көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип жатат.
Мисалы, тендерден уткандар деле тууганы, сугат жерлерди арендага алып алгандар деле айыл өкмөттүн жакындары болгон фактылар көп. Муну да бара-бара жоёбуз. Бирок көбүрөөк убакытты талап кылат. Үй-жай маселелерин чечишибиз керек.
Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү жок кылуунун дагы кандай жолдору бар десеңиз, аны да айтып берейин. Мындан 2-3 жыл мурда “Акылман” мектебин ачып, түндүк-түштүктөн эң жакшы окуган акылдуу балдарды топтоп, мектеп-интернат кылып Чолпон-Атада окутуп жатабыз. Мындай мектептер азыр бардык облустарда салынып жатат. 2-3 жылдан кийин бүтөт. Кыскасы өлкө боюнча 7-8 “Акылман” мектептери болот. Аларда окуган балдар-кыздарыбызды аралаштырып окутабыз. Мисалы, бүгүн Чолпон-Атада региондордун баарынан келип окуп жатышкан болсо, Ошко деле ошондой бардык облустан келип окушат. Буюрса, бардык облустарда ушундай кылабыз. Бул мектептерди аяктап, жогорку окуу жайларын бүтүп келген балдар-кыздар түздөн-түз мамлекеттик кызматтарга келип олтурушат. Былтыр эле мыйзам кабыл алдырып, кол коюп, бекитип койгом. Азыртадан баштап эле ал мыйзам күчүндө турат.
Эмне үчүн дегенде, мен кокус кызматтан кетип калсам, бул мыйзамды кийинкилер кабыл албай койсо, “Акылмандан” чыккан балдар талаада калышпасын дедим. Себеби бүгүнкү күндө ошол таланттуу балдарга мамлекеттин акчасын коротуп окутуп жатабыз. Алды 5-6 жылдан кийин өз кесиптери боюнча мамлекеттик кызматтарга келе башташат. Мына ошолор Кыргызстанды бөлүп-жарбаган келечектин кадрлары болот.
Дагы бир негизги ишти былтыр февралда баштагам. Өкмөт башчысы менен министрлерди чогултуп, тапшырма бергем. Ар бир облустун борборлоруна студенттик жатаканаларды салгыла, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз деп. Бул кандай десеңиз муну да чечмелеп берейин. Мисалы, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан алганда 10 миң абитуриентке бюджеттик орун берилет экен. Ошонун 5 миңин түштүктүк абитуриенттерге, 5 миңин түндүктүк абитуриенттерге беребиз. Түндүктүк студент түштүктөн окуйт, түштүктүк студент түндүктөн окуйт. Жанагы жети облуска студенттик жатаканаларды салдырып жатканым ушундан. Бирок быйыл үлгүрбөй калгандыгыбызга байланыштуу эмдиги жылдын сентябрына жылдырдык.
Быйыл ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүп алсак, анан курулуш иштерин баштайбыз. Эмдиги жылдын сентябрынан баштап бюджеттик квота менен окуйм деген студенттер ротация менен окуп башташат. Бул кандай жыйынтык берет десеңиз, келечекте түндүк-түштүк деген оору жок болот. Түндүктөн түштүккө барган 5 миң студенттин арасынан үйлөнгөнү болот, турмушка чыкканы болот, менталитеттер алмашат дегендей. Ал эми түштүктөн түндүккө келген 5 миң студенттердин арасынан деле ошондой болот. Ошентип 20-30 жылдан кийин түндүк-түштүк оорусу жоголот. Мына ушундай ыкмалар менен жойбосок, бул ооруну эзели жоё албайбыз.
Ошондуктан карапайым калкка кайрыламын. Алданбагыла, силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси таза иштеп берсе болду. Дэн Сяопин айткандай, “ак мышык болобу, кара мышык болобу айырмасы жок, чычкан алса болду” дегендей таза, калыс жана адилеттүү болуп, баарына бирдей иштеп берген президент болсо болду.
Мына бүгүнкү күндө регион-регион кылып бөлбөстөн, өлкө боюнча бардык региондордо бирдей иштер жүрүүдө. Курулуштар болуп, жолдор асфальтталып, социалдык имараттар курулуп жатат. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн акчасына эмес, мамлекеттин, элдин акчасына курулуп жатканын ар бир жаран билиш керек.












