Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жапаров менен Ташиев тил табыша албай калса, анда эл экиге бөлүнөбү? Өлкө башчысынын жообу

12:44 16.02.2026
0
Жапаров менен Ташиев тил табыша албай калса, анда эл экиге бөлүнөбү? Өлкө башчысынын жообу

Президент Садыр Жапаров 16-февралда Кабар агенттигине маек берди.

— Садыр Нургожоевич, Камчыбек Ташиев УКМК башчысы кызматынан кеткенден бери коомчулукта ар кыл багыттагы талкуулар уланууда. Анын бири “Эгер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тил табыша албай калса, анда эл түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнөт” деген санаркоо болууда. Чындап эле ушундай болушу мүмкүнбү?

— Биринчиден, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө эч качан жол бербеймин. Андай бөлүнүп-жарылууларды качан гана керек болгондо, саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп баштайт. Карапайым элди колдонушат.

Эгемендик алгандан бери эле саясатчылар түндүк-түштүк кылып бөлүп келишкен. Мен саясатка алгачкы жолу 2005-жылы келгенде өз көзүм менен көрдүм. Өкмөттүн жарымы түндүк, жарымы түштүк же кайсы бир министрликте дагы ушундай болсун деп бөлүп келишкен. Ошондо мен аябай кейигем. Анан ошондо “Кудай буюруп келечекте президент болуп келсем, Кыргызстандын бул оорусун сөзсүз айыктырам» деп өзүмө сөз бергем. 2021-жылдан бери андай бөлүнүп-жарылуу жоголуп бара жатканын байкап атсаңар керек. Мисалы, райондордун акимдери, соттор, прокуратура, УКМК, ИИМдин жетекчилерин ротация кылганбыз.

Акимдер менен соттор 100 пайыз ротация болушкан. Түштүктө бир дагы түштүктүк аким жок, баары түндүктөн. Ошондой эле түндүктө бир дагы түндүктүк аким жок, баары түштүктөн. Соттор дагы ошондой. Жыйынтыгын көп күттүрбөй эле берди. Бөлүнүп-жарылуу азайды. Алдыда Кудай буюрса, айыл өкмөттөргө чейин жетебиз. Себеби антпесек, ошол эле айылдан чыккан жигит айыл өкмөт болсо, жакшы нерселердин баарын өзүнүн жакындарына ыйгарып койгон учурлар көп кездешип жатат.

Мисалы, тендерден уткандар деле тууганы, сугат жерлерди арендага алып алгандар деле айыл өкмөттүн жакындары болгон фактылар көп. Муну да бара-бара жоёбуз. Бирок көбүрөөк убакытты талап кылат. Үй-жай маселелерин чечишибиз керек.

Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү жок кылуунун дагы кандай жолдору бар десеңиз, аны да айтып берейин. Мындан 2-3 жыл мурда “Акылман” мектебин ачып, түндүк-түштүктөн эң жакшы окуган акылдуу балдарды топтоп, мектеп-интернат кылып Чолпон-Атада окутуп жатабыз. Мындай мектептер азыр бардык облустарда салынып жатат. 2-3 жылдан кийин бүтөт. Кыскасы өлкө боюнча 7-8 “Акылман” мектептери болот. Аларда окуган балдар-кыздарыбызды аралаштырып окутабыз. Мисалы, бүгүн Чолпон-Атада региондордун баарынан келип окуп жатышкан болсо, Ошко деле ошондой бардык облустан келип окушат. Буюрса, бардык облустарда ушундай кылабыз. Бул мектептерди аяктап, жогорку окуу жайларын бүтүп келген балдар-кыздар түздөн-түз мамлекеттик кызматтарга келип олтурушат. Былтыр эле мыйзам кабыл алдырып, кол коюп, бекитип койгом. Азыртадан баштап эле ал мыйзам күчүндө турат.

Эмне үчүн дегенде, мен кокус кызматтан кетип калсам, бул мыйзамды кийинкилер кабыл албай койсо, “Акылмандан” чыккан балдар талаада калышпасын дедим. Себеби бүгүнкү күндө ошол таланттуу балдарга мамлекеттин акчасын коротуп окутуп жатабыз. Алды 5-6 жылдан кийин өз кесиптери боюнча мамлекеттик кызматтарга келе башташат. Мына ошолор Кыргызстанды бөлүп-жарбаган келечектин кадрлары болот.

Дагы бир негизги ишти былтыр февралда баштагам. Өкмөт башчысы менен министрлерди чогултуп, тапшырма бергем. Ар бир облустун борборлоруна студенттик жатаканаларды салгыла, 2026-жылдын 1-сентябрынан баштап, бюджеттик квоталар менен окуган студенттерди ротация кылабыз деп. Бул кандай десеңиз муну да чечмелеп берейин. Мисалы, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан алганда 10 миң абитуриентке бюджеттик орун берилет экен. Ошонун 5 миңин түштүктүк абитуриенттерге, 5 миңин түндүктүк абитуриенттерге беребиз. Түндүктүк студент түштүктөн окуйт, түштүктүк студент түндүктөн окуйт. Жанагы жети облуска студенттик жатаканаларды салдырып жатканым ушундан. Бирок быйыл үлгүрбөй калгандыгыбызга байланыштуу эмдиги жылдын сентябрына жылдырдык.

Быйыл ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүп алсак, анан курулуш иштерин баштайбыз. Эмдиги жылдын сентябрынан баштап бюджеттик квота менен окуйм деген студенттер ротация менен окуп башташат. Бул кандай жыйынтык берет десеңиз, келечекте түндүк-түштүк деген оору жок болот. Түндүктөн түштүккө барган 5 миң студенттин арасынан үйлөнгөнү болот, турмушка чыкканы болот, менталитеттер алмашат дегендей. Ал эми түштүктөн түндүккө келген 5 миң студенттердин арасынан деле ошондой болот. Ошентип 20-30 жылдан кийин түндүк-түштүк оорусу жоголот. Мына ушундай ыкмалар менен жойбосок, бул ооруну эзели жоё албайбыз.

Ошондуктан карапайым калкка кайрыламын. Алданбагыла, силерге түндүктүк президент болобу же түштүктүк президент болобу, айырмасы жок. Эң негизгиси таза иштеп берсе болду. Дэн Сяопин айткандай, “ак мышык болобу, кара мышык болобу айырмасы жок, чычкан алса болду” дегендей таза, калыс жана адилеттүү болуп, баарына бирдей иштеп берген президент болсо болду.

Мына бүгүнкү күндө регион-регион кылып бөлбөстөн, өлкө боюнча бардык региондордо бирдей иштер жүрүүдө. Курулуштар болуп, жолдор асфальтталып, социалдык имараттар курулуп жатат. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн акчасына эмес, мамлекеттин, элдин акчасына курулуп жатканын ар бир жаран билиш керек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026
2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

09:00 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү