Кечээ, 24-февралда президент Садыр Жапаров Москва шаарындагы мекендештер жана Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу суроо-жооп форматында өткөн.
Ошондой эле иш-чарада Жапаров Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо тууралуу айтып берген. Аны менен катар президент мекендештердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо, акча которуунун жол-жоболору, мекендештерди колдоо чаралары, Аксакалдар Кеңеши институтун жандандыруу, мугалимдердин эмгек акысы, билим берүү чөйрөсүн өркүндөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, кадрларды тандоо жана башка маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берген.