Жапаров: «Өлкөдөгү бардык мал базарды тазалап, асфальт төшөөгө бир ай берем. Өзүм барып текшерем»

Кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын кескин сынга алды.

«Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылуусу зарыл.

«Санариптештирүү заманында социалдык тармактар натыйжалуу байланыш куралы болуп калды, бардык мамлекеттик органдар социалдык тармактарда аккаунттарга ээ болуп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышы керек. Бул – аудитория менен баарлашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуу каналы, аны биз активдүү пайдалануубуз керек», — деди Акылбек Жапаров жана социалдык тармактарды жарандардын терс кайрылууларына жооп берүү үчүн гана эмес, мамлекеттик органдардын аткарып жаткан иштери боюнча коомчулукка отчеттуулугу үчүн да колдонсо болоорун кошумчалады.