Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү.
«Ушул жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын план коюлган», — деди Министрлер кабинетинин башчысы. Кеңешмеде салыкчылар 2022-жылга карата иш планы тууралуу менен катар ККМ жана КНСти көзөмөлдөө боюнча аналитикалык тутумду ишке киргизүү тууралуу маалымат беришти. Акылбек Жапаров салык кызматынын алдына коюлган милдеттер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.